Алматыда 27 жаштагы Айлуна Рахим өз жанын кыйды. Бул тууралуу Казак ЖМКлары жазды. Маалыматка караганда, ал акыркы учурларында блогерлик менен алектенип жүргөн.
Анын жансыз денеси 11-июнь күнү кечинде табылган, бирок бүгүн гана маркумдун достору «НеМолчи.kz» фондуна Айлуна өлүм алдындагы кат калтырып кеткенин, анда аны бул аракетке түрткөн адамдын аты-жөнү жазылганын айтышкан.
Айлунанын ата-энеси жок болчу. Кыз турмушка чыккан, бирок жакында эле ажырашып кеткен. Айлуна социалдык тармактардагы акыркы билдирүүлөрүндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылганын кыйыткан.
Кыз үтүктөн алган күйүктүн издерин, денесиндеги көгала тактарды көрсөткөн.