28-сентябрда Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык бөлүмү убактылуу иштебейт

Бүгүн, 28-сентябрда «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык бөлүмү электр энергиясынын өчүрүлүшүнө байланыштуу убактылуу иштебейт.

Мекемеден билдиришкендей, бул күнү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Ош шаарынын айрым бөлүктөрүндө электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт.

Ошондуктан мекеме Ош шаарындагы башка «Унаа» бөлүмдөрүнө кайрылууну суранат:

— Ош регионалдык бөлүм, Ош ш., Навои көч., 2А дарегинде жайгашкан, байланыш телефону — 03222 5-65-80;

— Ош-2 сектору, Ош ш., Көкүм-бия көч., 168 дарегинде жайгашкан (“Жапалак” унаа базарынын аймагында жайгашкан).

28 Сентябрь 2023 жыл 9:26

Тема боюнча