Кийим тигүүчү цехтен өрт чыкты

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Луговой айылында кийим тигүүчү цехте чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Тилсиз жоону өчүрүүгө Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрттөн цехтин 550 чарчы метри күйгөн. Жабыркагандар жок. Себеби такталууда.

13 Март 2025 жыл 16:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча