3 жаштагы баланын жансыз денеси беде талаадагы каналдын боюнан табылган

Жалал-Абад ШИИБге Ырыс айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 26-сентябрь күнү саат 13:00 чамасында 2021-жылы туулган уулу үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгондугун билдирген.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБге катталып тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталып, тийиштүү кызматтарга атайын тергөө тапшырмалары берилген.

28-сентябрь күнү саат 11:00 чамасында 2021-жылы туулган баланын жансыз денеси беде талаадагы каналдын боюнда табылган.

Анын өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында атайын тийиштүү экспертизалар дайындалган.

28 Сентябрь 2024 жыл 15:29

Тема боюнча