3 жаштагы кызды уурдоого аракет кылышкан

Токмокто 3 жаштагы кызды уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-февралда Токмок ШИИБге 2003-жылы туулган келин кайрылып, 1985-жылы туулган жаранга чара көрүүнү суранган. Себеби, ошол эле күнү саат 23:30 чамасында жаран анын 3 жаштагы кызын Мерседес Бенц унаасы менен уурдап кеткенин, чалып анын айткандарын кылбаса өзүн жана кызды өлтүрөм деп коркутканын айткан. Аталган факты боюнча адам уурдоо беренеси менен кылмыш иши козголуп, перехват жарыяланган.

Издөө иштеринин натыйжасында, кыздын жана аны уурдаган жарандын кайсы жакта экени белгилүү болгон. 1-мартта шектүү камакка алынган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, 2024-жылдын февраль айынан октябрь айына чейин келин менен шектүү жашап жүргөнү маалым болгон. Келиндин биринчи турмушунан 2021-жылы туулган кызы болгон. 2024-жылдын октябрь айында келин Орусияга кеткен. 25-февралда кайтып келип, кайра шектүү менен сүйлөшө баштаган. Ошол күнү алар Мерседес унаасы менен Токмоктон Бишкекти көздөй чыгышкан, бирок жолдон кызганычтан улам уруша кетишкен. Эркек киши келинди унаадан алып түшүп, колундагы кызын алып, унаага отургузуп, белгисиз тарапка из жашырган. Тергөө уланууда.

2 Март 2025 жыл 10:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча