31-октябрда Бишкектеги эки конушта суу болбойт

Бишкектеги эки конушта 31-октябрь күнү суу болбойт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Мурас Ордо» конушунда саат 09:00дөн 20:00гө чейин, «Калыч Ордо» конушунда саат 09:00дөн 15:00гө чейин суу жок болот.

Муниципалитеттен мындай чара «Мурас Ордо», «Калыс Ордо» суу алгычтардагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу экендигин айтышты.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

30 Октябрь 2023 жыл 9:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча