Жергиликтүү ЖМКлар Баткенде 10-класстын окуучусу айылдашы тарабынан зордукталганын жазып чыгышты. Бул тууралуу маалыматты Баткен ОИИБден тастыкташты.
«Бул факты каттоого алынган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген»,- дешти милициядан.
Ал эми шектүүнүн 31 жашта экени айтылууда.