32 жаштагы келинди өлтүрүүгө шектелип, 67 жаштагы жаран кармалды

Чүйдө келинди өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 18-сентябрда болжол менен саат 10:30да Прогресс айылында аялга бычак сайылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты катталып, адам өлтүрүү менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 1956-жылы туулган кишинин мас абалында 1991-жылы туулган кошунасына барып, бычак сайганы аныкталган. Келин ооруканага жеткирилип, эсине келбей көз жумган.

Кылмышка шектүү катары 1956-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен иш сотко өткөрүлгөн.

30 Сентябрь 2023 жыл 14:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча