37 градуска чейин жетет. Алдыдагы бир жумада кандай аба-ырайы күтүлөт?

Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумада, тагыраагы, 9-июндан 15-июнга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалыма аба- ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, жуманын башында Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында абанын температурасы 34-37 градуска чейин ысыйт. Башка аймактарда дагы күн ысып баштайт, бирок өткүн өтүп турат.

Бишкекте 9-11-июнда жана 12-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 12-июнда күндүз жана 13-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 14-15-июнда дагы күндүз өткүн өтөт.

Чүйдө

Аймактын дыйканчылык аймактарында 9-10-11-июнь күндөрү күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

12-июндан 15-июнга чейин айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Талас

9-июнда күн ачык болот. 11-июндан 14-июнга чейин айрым жерлерде өткүн өтүшү күтүлөт. 15-июнда дагы өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаай турганы болжолдонду.

Ош, Жалал-Абад, Баткен

Облустарда 9-10-11-июнь күндөрү өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. 12-13-июнь күндөрү айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 14-15-июнда түнкүсүн жаан-чачын жааса, күндүз кээ бир гана жерлерде өткүн өтөрү болжолдонду.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ысык-Көл, Нарын

Региондордо 9-10-июнь күндөрү түнү асман ачык болот, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. 11-12-июнь күндөрү дагы өткүн өтүп турат. 13-14-15-июнда дагы ушундай эле аба ырайы болот.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

9 Июнь 2024 жыл 12:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча