6-апрелде кыргыз-өзбек «Ак-Кыя-автожол» өткөрүү жайы убактылуу иштебейт

Эртең, 6-апрелде кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Ак-Кыя-автожол» өткөрүү жайы убактылуу иштебейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы, эртең, 6-апрелде техникалык иштер жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Баткен облусундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Ак-Кыя-автожол» өткөрүү жайында саат 12:00дон 16:00го чейин адамдарды, транспорт каражаттарын мамлекеттик чек арадан өткөрүү убактылуу токтотулаарын маалымдады.

5 Апрель 2024 жыл 12:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча