6-февралда Бишкектин бир бөлүгүндө убактылуу суу болбойт

Эртең, 6-февралда саат 10:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин бир бөлүгүндө убактылуу суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы шаардын таза суу түтүктөрүн оңдоо-калыбына келтирүү иштерин пландоодо.

Аталган иштердин алкагында өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

  • Скрябин — Тыныстанов — Радищев — Панфилов — Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин — Л.Толстой жана Панфилов көчөлөрү.
5 Февраль 2025 жыл 10:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча