80 миң мектеп мугалимин ноутбук менен камсыз кылуу пландаштырылууда

«Алтын Казык» билим берүүнү трансформациялоо программасынын алкагында 80 миң мектеп мугалимин ноутбук менен камсыз кылуу пландаштырылууда. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдирди.

Министрлик ноутбуктарга баалардын мониторингин жүргүзүү үчүн жеткирип берүүчүлөрдөн жана даярдоочу заводдордон техникалык спецификацияларга ылайык, коммерциялык сунуштарды кабыл алат.

Сунуштар 11-октябрга чейин Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дөн кеч берилбеши керек.

Сунуштар электрондук түрдө [email protected] дарегине жөнөтүлүшү зарыл.

9 Октябрь 2024 жыл 18:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча