9-13-сентябрь аралыгында Бишкектин айрым аймактарында кезеги менен газ өчүрүлөт

9-13-сентябрь аралыгында Бишкектин айрым аймактарында газ жок болот. Бул тууралуу «Бишкек газ» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чектөө төмөн басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

Төмөнкү аймактарда газ убактылуу өчүрүлөт:

Садырбаев, Гагарин, Асаналиев, Алтымышев көчөлөрү — 9-10-сентябрь күндөрү;

Жибек Жолу, Турусбеков, Күрөңкөев, Профессор Зима көчөлөрү — 11-12-сентябрь күндөрү;

«Жаштар кварталы» турак жай комплекси — 10-13-сентябрь күндөрү.

«Бишкек газ» кызматы абоненттерди газ өчүрүлгөн мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт. Жумуштар алдыдагы күз-кыш мезгилинде газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө. Биз жаратылыш газын пайдалануу коопсуз жана ыңгайлуу болушу үчүн бардык аракеттерди көрүүдөбүз», — деп жазылган маалыматта.

7 Сентябрь 2024 жыл 9:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча