9-кабаттан 4 жана 5 жаштагы балдар кулап кетишкен

Бишкекте дагы эки бөбөк көп кабаттуу үйдөн кулап, каза болду. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-мартта Үмөталиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 9-кабатынан болжол менен 4-5 жаштагы 2 бала кулап кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Милициядан экөө тең кырсык болгон жерде каза болгонун билдирди. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Бүгүн 7-кичи райондо 6-кабаттан 6 жаштагы кыз кулап, ооруканада көз жумган.

17 Март 2025 жыл 5:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча