9 жашар кызды зордуктамакчы болгон жаран, 7 жылга кесилди

Кечээ, 29-августта Чүй облусунун Сокулук райондук сотунда 9 жашар кызга ыдык көрсөтүүгө байланышкан кылмыш иши каралып, өкүм чыкты. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти.

Соттун өкүмүнө ылайык, айыпталуучуну Кылмыш-жаза кодексинин 34-158-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылган. Жазасы жалпы тартиптеги түзөтүү абакта өтөт.

Айыпталуучу жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн пайдасына материалдык зыян 132 миң 166 сом жана моралдык зыян 50 миң сом өндүрүлүүсү каралган. Тараптар өкүмгө 30 күндүн ичинде апелляциялык даттанууга укуктуу.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында милицияга жаран кайрылып, кошунасына чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Анын 2013-жылы туулган кызына сексуалдык ыдык көрсөтүү болгонун айткан. Аталган факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

30 Август 2023 жыл 12:44

Тема боюнча