Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров абактан бошотулат. Бул тууралуу анын жактоочусу Кубанычбек Туманов кабарлады.
«Адахан Мадумаровду 25-апрель күнү, түнкү 00:00дө УКМКнын тергөө абагынан бошотуу боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясынын тескемеси чыкты»,-деп билдирди Туманов.