Адахан Мадумаровдун уулу мас абалында унаа башкарып, жазаланды

Депутат Адахан Мадумаровдун уулу Нурмухаммед Мадумаров мас абалында унаа айдаганы үчүн 1 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылды. Бул тууралуу Чүйдүн Аламүдүн райондук сотуна таянып АКИpress агенттиги жазды.

Токтомдо жазылгандай, Нурмухаммед Мадумаров жол милиция кызматкерлери тарабынан 29-октябрда Ford Fusion унаасын мас абалында айдап жүргөндө кармалган.

2-ноябрда соттук отурум болуп, Нурмухаммед Мадумаров 1 жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылган.

Нурмухаммед Мадумаров күнөөсүн мойнуна алып, өкүнүп жатканын билдирген.

5 Ноябрь 2023 жыл 15:16

Тема боюнча