
УКМК тарабынан массалык башаламандык уюштурууга шектүү катары Фейсбук колдонуучу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүү «Манас» эл аралык аэропорту аркылуу Бишкек-Москва багыты боюнча өлкө аймагынан чыгып кетүүгө аракет кылган.
Тактап айтканда, аталган жаран Facebook социалдык тармагындагы өзүнүн аккаунту аркылуу өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана массалык башаламандыктарды уюштуруу максатында чагымчыл мазмундагы контенттерди жарыялоо менен алектенген.
Биринчи Май райондук соту тарабынан ага карата №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.