Айбек Жунушалиев «Достык» ордени менен сыйланды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгынын менен II даражадагы «Достык» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Сыйлыкты Жунушалиевге бүгүн, 25-декабрда Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаев тапшырды. Сыйлоо иш-чарасы Бишкектин мэриясында өттү.

Айбек Жунушалиев бул орден менен Кыргызстан менен Казакстандын борбор калааларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөткөндүгү үчүн сыйланган.

Буга чейин Казакстандын І даражадагы «Достык» орденин президент Садыр Жапаров алган.

25 Декабрь 2024 жыл 14:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча