Айболот Айдосов Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ЖК депутаттыгына талапкерлигин койду

Ноокат районунун бир мандаттуу аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бере баштаганы белгилүү болду.

Ага ылайык, Айболот Айдосов шайлоого катышуу үчүн өзүнүн талапкерлигин көрсөттү.

Айдосов 37 жашта, Ошто туулган. Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетин «политология» адистиги боюнча аяктаган, Чжян университетинде (КЭР) кытай таануу боюнча магистр даражасын алган.

КР БШКнын басма сөз кызматынын башчысы, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар секторунун башчысы, Башкы прокуратуранын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси кызматтарында иштеген. Мамлекеттик жана жеке университеттерде журналист, окутуучу болгон.

Эскерте кетсек, буга чейин Жусупбек Коргонбай уулу Ноокат районунан депутат болгон. Ал ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Президент кезексиз шайлоону 30-июнга белгиледи.

1 Май 2024 жыл 8:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча