Айдарбеков 13 депутаттын мандаттан ажырашы боюнча комиссия түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков парламенттин 13-марттагы жыйынында 13 депутаттын мандаттан ажырашы боюнча комиссия түзүүнү сунуштады.

«90 депутаттан 13ү кетти. Бул жөнөкөй маселе эмес. Биздин укуктарды тебелеп-тепсеп жатышат. Депутат элдин өкүлү, элидн үнү, мындай болбошу керек. Биз унчукпай эле отура беребизби? Мен сунуш киргизем, комиссия түзөлү» , — деди депутат Айдарбеков.

Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев регламент боюнча бул сунуш тармактык комитетте каралып, кагаз түрүндө келиши керектигин айтты.

13 Март 2024 жыл 13:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча