Айдоого укугу жок бүтүрүүчүлөргө автоунаа берүүгө тыюу салынат

Айдоого укугу жок бүтүрүүчүлөргө автоунаа берүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБгы атайын тасма даярдап, маалымат берди.

Министрлик 25-майда Кыргызстандагы мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты өтөт. Буга байланыштуу, Ош шаардык милициянын кайгуул кызмат бөлүмү бүтүрүүчүлөрдүн жолдогу коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарына кабылууларын алдын алуу максатында ата-энелерге, унааны ижарага берген ишкерлерге кайрылып, аларга унааны бербөө керектигин эскертет.

«Айдоого укугу жок бүтүрүүчүлөргө автоунаа берүүгө тыюу салынат. Анткени, анын кесепетинен өспүрүмдөр да жаракат алган учурлар болгон. Анын ичинен оор жана өтө оор кесепеттер менен коштолгон фактылар да катталган»,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, азыркы эрежелерге ылайык, мас абалында унаа башкарган айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат жана айдоого укугу жок айдоочу унаа башкарган учурда унаасын убактылуу айып аянтчасына токтотуп коюу менен 15 миң сом айып салынат.


8 Май 2024 жыл 15:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча