Айгүл Айдарова такси кызматкерине нааразы болду

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова ЯНДЕКС такси кызматы балдар үчүн эле эмес, чоңдор үчүн да кооптуу болуп калганын өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

«ЯНДЕКС такси кызматы айдоочуларды жумушка алып жатканда психологиясын, акыл-эсин, жүрүм-турумун текшерип аласыңарбы? Элге чыгарып жарыя кылбайын эле дегем. Бирок, жашы жете элек өспүрүм кызыма жазып, уят сөздөр менен сөгүнгөн. Таксини мага кызым чакырып берген. Кардарга кызмат көрсөтүп жатканда айдоочу өз милдетин гана аткаруу керек. Акчасын алдын-ала төлөп койгон. Эмнеге кардарга жазып, тынчын алат. Яндекстин кеңсесине бул кызматкердин жүрүм-туруму үчүн арыз жаздык. Телефонуна чалып жигитче сүйлөшсөк түрдүү жомогун айтып керсейет. Мыйзам чегинде тартипке келтирбесе карапайым элдин канчасына бул жигит залалын тийгизип жүргөндүр. Такси кызматын да колдонуу негизи балдар үчүн гана эмес чоңдор үчүн да кооптуу болуп жатат. Такси чакырардан мурда ушуга окшогон акылсыздардан абайлаңыздар. Аты Ренат экен. Ислам деп атын өзгөртүп алды»,-дейт депутат.

21 Май 2024 жыл 14:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча