Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарын ийгиликтүү баштады

Айпери Медет кызы Париждеги Олимпиада оюндарын ийгиликтүү баштады.

Кыргызстандык балбан кыз 10-августта эркин күрөш боюнча мелдеште 76 килограммга чейинки салмак ченинде старт алды.

Алгач ал Кытайдын спортчусу менен беттешип, аны 4:1 эсебинде жеңди.

Медет кызы чейрек финалга чыкты, анда Ритика (Индия) — Бернадетт Наги (Венгрия) жупунун жеңүүчүсү менен беттешет.

10 Август 2024 жыл 16:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча