
Алып баруучу, актриса, блогер Назира Айтбекова өзүнүн социалдык баракчасына айымдар мырзаларды кандай критерийлерге карап, өзүнө тандап алаары тууралуу пикирин жазды.
«Айрым мырзалар кемчилигимди айтып, кыйкым издеп, ылдый түшүргөнгө, басынтканга аракет кылып, чабуулга өтө баштаарын байкап калдым. Көрсө, энергетикалык жактан алардан бийик болуп жатканым, аң сезим алдында ал нерсе аларды басынтаарын сездим. Алардын эркеги чычалап, менин ичимдеги “эркегиме” жекеме жеке чыгып алганынын көрсөткүчү бул.
Жашоосунда курмандык болгон, же физикалык жактан чоңойгону мн ичиндеги “Мени” чоңойбой калгандарды “жей” баштайт экенмин. Кимдир бирөөлөрдүн жанында тескерисинче дароо карындашы, бир тууганы, же кызы болгонго өтүп алып, өзүмдү коргоого алып алам кээде. Алардын оюн сексуалдык жакка бурбообого аракет кылып, тосмо тосуп алганым ал.
А кимдир бирөөлөрдүн жанында көзүм жалжылдап, денем ойгонуп, эркелеп, назик болуп, аялдыгымды чыгара баштайм. Энергетикалык жактан менден бийик, акылдуу, күчтүү эркекке дароо багынып берип жатканымды көрсөтөм. Анткени жаратылыш “Ушундан тукум уласаң болот. Бул күчтүү эркек” деп жатат.
А кимдир бирөөлөргө дароо эже, эне ролун ойной баштайм. Ал дагы менин коргонуум. “Чек арама киргизгим келбейт. Быша элексиң. Чийкисиң, же менин теңим эмессиң” дегендик ал. Аларга карата камкордук, тынчсыздануу башталат.
Бул жеке эле менин мамилем эмес. Аял затынын баары эле ушундай болсо керек деп боолголойм. Кимдир бирөөнү карааныңа караандаткың да келбейт. Тээ алыстан эле жолуңду буруп кетип каласың. Аялдын мамилесинен эле ага сен ким экениңди, энергиялык абалыңды, деңгээлиң канчалык экениңди билсең болот. Кыргыздар аны бир сөз мн “Тең теңи мн. Тезек кабы мн” деп айтып коюшкан. Аял-эркек энергетикалык жактан теңин издейт экен көрсө».-деп жазды Айтбекова.