Блогер Назира Айтбекова Казакстанда өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпарда казак балбандарынын кылыгын сынга алган билдирүү жазып, кыргыздын мырзаларын мактады.
«Кыргыздын эркектеринин өзөгүндөгү жалын, Манастын руху эч кимде жок! Ошон үчүн башка улуттун эркегин тоготпой! Намысыңардан, көк жалдыгыңардан айланайын!»,-деп жазган Айтбекова.
Эске салсак, кечээ 12-сентябрда Казакстандын көкпар боюнча курама командасынын Кыргыз балбандарын жеңиши талкуу жараткан.