Айтбекованын Ташиев жана Салымбеков менен түшкөн сүрөтү талкуу жаратты

Блогер Назира Айтбекова социалдык баракчасына Камчыбек Ташиев жана Аскар Салымбеков менен түшкөн сүрөтүн жүктөдү. Ал катталуучуларынын ар кандай талкууларына кабылды.

Кээ бири «Ташиев жакында президент болот»,- ошого белги катары го дешсе, кээ бири «бул жөн эле сүрөт»,- саясат издөөнүн кереги жок деген пикирлерин жазышууда.

Бул сүрөттөгү аукционго койсо болот дегендери да болду. Ал эле эмес «кечээ эле Сеидбек Атамбаев менен сүрөткө түшүп жүрдүң эле го»,-деп жемелегендери да болду.

22 Октябрь 2023 жыл 14:05

Тема боюнча