
Ырчы Айыма Айылчиева жигити колун сураганын кечээ, 17-мартта Инстаграм баракчасы аркылуу билдирди.
Ал сүйүктүүсү колун сураган учурунан сүрөт, видео жүктөп, “ооба” деп жазып, жүрөкчө калтырган.
Жаштар учурда Япониядагы Эносимо аралында эс алып жүргөнүн байкоого болот. Жигити анын колун Сагами булуңундагы Катасе дарыясынын жээгинде сураган.