Айжигитов Ашимовадан элден кечирим сурап, лидерликтен кетүүнү талап кылды

Бүгүн, 19-мартта депутат Султанбай Айжигитов сөз берилип, ал өз сөзүндө «Ыйман Нуру» фракциясынан чыгарылгандыгы жөнүндө чечимди жокко чыгарууну талап кылды.

Айжигитов билдиргендей, Жогорку Кеңештин депутатынын көз карандысыздыгынын жана кол тийбестигинин кепилдиги Конституция, мыйзамдар менен жөнгө салынат жана эл менен мамлекеттин коргоосунда турат.

«Мен фракциянын эмес, өзүмдүн көз карандысыз депутаттык позициямды билдиргенимди баса белгилегим келет. Буга байланыштуу «Ыйман Нуру» фракциясынын лидери Ашимова фракциянын кезексиз жыйынын чакырып, анда Айжигитов өз сөзүнүн мазмунун фракция менен макулдашпаганын жана фракцияны жалган жалаа менен каралаганын билдирди, бирок жалган жалаанын маанисин түшүндүргөн жок. Депутаттын ишин жөнгө салган бир дагы документте депутаттын сөзүнүн мазмунун фракция менен милдеттүү түрдө макулдашуусу жазылган эмес», — деди ал.

Султанбай Айжигитов Динара Ашимованы кызматтык абалынан аша чабууга айыптады. Ал «Ыйман Нуру» фракциясынын чечимин жокко чыгарууну, Ашимовадан эл алдында кечирим суроону, ошондой эле Ашимовадан «Ыйман Нуру» фракциясынын лидери кызматын өз ыктыяры менен тапшырууну талап кылды.

19 Март 2025 жыл 12:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча