Ак-Талаа районунда оорукана курулат

Ак-Талаа районунун Алабуга айыл аймагынын Кош-Дөбө айылында оорукана куруу пландалууда.

Оорукана курууга тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай-чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Нарын облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы жарыялады.

Техникалык спецификациясында оорукана 20 орунга ылайыкташканы белгиленген.

Курулуштун сметалык баасы 66 млн 241 миң 949 сомду түзөт, сынактык билдирүүнү берүүнүн мөөнөтү 8-декабрга чейин.

24 Ноябрь 2023 жыл 10:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча