Сойкулукка көмөктөшүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматына чет элдик жарандар ар кайсы өлкөнүн кыздарын сойкулук менен алектенүүсү үчүн Кыргызстанга алып келип жатышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, сутенерлор кардар таап, кыздар үчүн турак жай ижарага алышып, ошондой эле аларды кардарларга жеткирип турушкан.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка көмөктөшүү) боюнча каттоого алынып, 1996-жылы туулган H.T.NG. жана 1996-жылы туулган C.L.A. аттуу чет элдик кыздар кармалды. Кыздар ижарага алынган батирлердин биринде кызмат көрсөтүп келишкен.
Ошондой эле Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө 1995-жылы туулган ZH.W. аттуу жаран жеткирилген. Ал кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынды.