Айрым жерлерде жаан катуу жаайт. 19-июнга күтүлгөн аба ырайы

19-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз көпчүлүк аймктарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы 16…18°, күндүз 29…31° жылуу болот.

18 Июнь 2026 жыл 17:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча