Ачык терезе – балдардын өмүрүнө коркунуч жаратат

Ички иштер министрлиги ата-энелерди балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Ведомствонун маалыматына караганда, жай мезгилинин келиши менен батирлердин жана үйлөрдүн терезелери желдетүү үчүн ачык калтырылгандыктан, балдардын бийиктиктен кулап кетүү коркунучу жогорулайт.

ИИМ мындай кырсыктар көбүнчө чоңдордун көзөмөлүсүз калган бир нече секунданын ичинде эле болуп кетерин эскертет.

«Балдар чиркейден коргоочу торду бекем тоскоолдук катары кабыл алып, ага жөлөнүшөт. Бирок мындай тор баланын салмагын көтөрө албайт жана кырсыкка алып келиши мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу ИИМ ата-энелерге төмөнкү коопсуздук эрежелерин катуу сактоону сунуштайт:

  • жаш балдарды ачык терезеси бар бөлмөдө таптакыр кароосуз калтырбоо;
  • терезенин жанына бала чыгып кете турган эмеректерди (стол, стул, диван) койбоо;
  • терезелерге атайын бөгөт коюучу же ачылууну чектөөчү бекиткич шаймандарды орнотуу;
  • балдардын өз алдынча терезе ачышына жана чоңдордун коштоосуз балконго чыгышына жол бербөө;
  • балдарга үйдөгү коопсуз жүрүм-турум эрежелерин үзгүлтүксүз түшүндүрүп туруу.
18 Июнь 2026 жыл 15:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча