Бишкекте мугалим майрамына дээрлик 4 млн сомдук тендер жарыяланды

Бишкек мэриясынын алдындагы Билим берүү департаменти мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктоо үчүн 3 млн 919 миң 200 сомго тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, мунун ичинен 2 млн 318 миң сом 1 100 даана электр чайнектерин, 52 даана гүлдесте сатып алууга сарпталат. 

Майрамдык иш-чарада боло турган концертке 1 млн 230 миң сом жумшалат. Ошондой эле 71 миң сом мактоо баракчаларын даярдоого, 300 миң сом LED-экран ижарага алууга сарпталат.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы жарлыгы менен мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салгандан кийин ата-энелерге мугалимдерге да акчалай жана кымбат белек берүүгө тыюу салынган.

Мугалимдердин кесиптик майрамы 5-октябрда белгиленет.

23 Сентябрь 2026 жыл 16:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча