«Дордой» базарынын жанындагы реконструкцияланган көчө ачылды

Бишкек шаарындагы «Дордой» базарынын Чымкент унаа токтотуучу жайы жайгашкан аймактагы реконструкцияланган көчө ачылды. Бул тууралуу Свердлов райондук администрациясынын башчысынын орун басары Азат Ракымов билдирди.

«Жолдун туурасы 8 метрге чейин кеңейтилди, эки тарабына тең тротуарлар курулуп, ирригациялык тармактарды куруу иштери аяктады. Ушундай эле иштер Келечек-9 конушунда да жүргүзүлдү», — деди ал.

Анын маалыматына караганда, экинчи этаптын алкагында курулган жолдордун жалпы узундугу 1 чакырым 600 метрди түзөт. Ошондой эле Кожевенная көчөсүндө, аталышы жок көчөдө жана Чымкент унаа токтотуучу жайына алып баруучу жолдо иштер жүргүзүлдү.

Ракымовдун айтымында, Свердлов райондук администрациясы иштердин сапатына техникалык көзөмөлдү жүргүздү. Ал ошондой эле курулуш иштерин «Дордой» базарынын ээлери каржылаганын белгиледи. Бишкек мэриясынын бюджетинен бул иштерди жүргүзүүгө каражат бөлүнгөн эмес.

22 Сентябрь 2026 жыл 17:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча