1-октябрдан тартып Баатыр энелердин пенсиясына өзүнчө 1000 сомдон кошулабы?

Кыргызстанда 1-октябрдан тартып Баатыр энелердин пенсиясына өзүнчө 1000 сомдон кошулат. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева 22-сентябрда Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын сөзүнө караганда, буга чейин пенсия чегерүүдө же көбөйтүүдө Баатырэнелерге өзүнчө акча берилчү эмес.

«Мурунку жылдары «жашоо минимуму» деп эсептелген акчанын ичине кирип кетчү. Быйылкы 1-октябрдан баштап өзүнчө миң сом болуп киргизилип жатат. Кийинки жылга өзүнчө бюджет келет», — деди Жибек Дүйшеева.

Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев бул миң сом пенсиянын базалык бөлүмүнө кирбей турганын эскертти.

Белгилей кетсек, быйыл Энелер күнүндө Кыргызстандагы жети жана андан ашык бала төрөп, чоңойтуп, тарбиялап жаткан 1045 аялга Баатыр эне наамы ыйгарылган.

22 Сентябрь 2026 жыл 17:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча