Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун шашылыш хирургия бөлүмүндө биринчи жолу балага торакоскопиялык лобэктомия жасалды.
Борбордон билдиришкендей, өпкөнүн бир бөлүгү көкүрөктү кесүүсүз, видеокамеранын көзөмөлү астында кичинекей тешиктер аркылуу алынган.
Операцияны шашылыш хирургия бөлүмүнүн башчысы Асылбек Кадыркулов консультанттар: К. Молдоисаев менен С. Стамбековдун катышуусу менен аткарган.
Бала канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылды.