«Мектеп 21де» окутуу багыттарынын саны 19дан 22ге көбөйдү. Билим берүү программасына жакында инженерлерди жана технологиялык ишкерлерди даярдоо сыяктуу жаңы багыттар кошулду. Бул тууралуу «Мектеп 21дин» штаб-квартирасынын директорунун орун басары Наталья Медведева билдирди.
Анын айтымында, мектептеги билим берүү программалары технологиялардын өнүгүшүнө жана эмгек рыногунун талаптарына жараша дайыма жаңыланып турат.
Окутуу катышуучулар бири-биринен үйрөнүп, тажрыйба алмашкан методикага негизделген. Катышуучулар бири-бири менен иштешип, практикалык тапшырмаларды жана реалдуу маселелерди чечишет.
«Мектеп 21ге» 18 жаштан жогорку жарандар тапшыра алат. Талапкерлер долбоордун сайты аркылуу арыз берип, логикалык жана аналитикалык ой жүгүртүү боюнча онлайн сыноодон өтүшөт. Андан соң 14 күндүк күндүзгү тандоо интенсиви — «Бассейн» өткөрүлөт. Тандоодон ийгиликтүү өткөндөр негизги окуунун 12 багытынын бирин тандай алышат. Негизги программалардын узактыгы 9 айдан 2 жылга чейин созулат, ал эми окуу темпине жараша мөөнөт кыскарышы мүмкүн», — деди ал.
Медведеванын белгилешинче, тапшырууда талапкердин тиешелүү билими, IT тармагындагы иш тажрыйбасы же программалоо тилдерин билүүсү маанилүү эмес. Негизги талап — окууга жана өнүгүүгө болгон мотивация.