Азия оюндарында Айымкыз Айдаралиева сууда сүзүүдө Кыргызстандын жаңы рекордун койду

Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында Айымкыз Айдаралиева Кыргызстандын жаңы рекордун койду. Бул тууралуу Сүзүү федерациясы билдирет.

Өлкөнүн жаңы рекорду эркин ыкмада 200 метр аралыкка сүзүүдө катталды. «2:05.23 — жаңы улуттук рекорд!» — деп белгилешти спорттук уюмдан.

Суу спорту түрлөрү федерациясынын президенти Уланбек Акматбаев Айымкыз Айдаралиеванын чыгуусун комментарийлеп жатып, ал чоң эмгек жумшаганын жана башкы континенттик мелдеште мыкты жыйынтык көрсөтө алганын белгиледи. Ошондой эле ал спортчуну жетишкен ийгилиги менен куттуктады.

22 Сентябрь 2026 жыл 10:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча