«Ала-Тоо Резортто» 1 035 орундуу унаа токтотуучу жай курулууда

 «Ала-Тоо Резорттун» аймагындагы №1 унаа токтотуучу жайдын курулушу акыркы баскычка чыкты.

Ишкананын маалыматына ылайык, унаа токтотуучу жайда 1 035 унаага орун каралган. Анын жалпы аянты 22 792 чарчы метрди түзөт.

«Учурда акыркы катмарлардын алдындагы битумдук сиңирүү катмары төшөлүүдө. Кийинки этапта асфальт-бетон жабуусунун акыркы катмары төшөлөт», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, курулуш иштери жыйынтыктоо алдында турат.

21 Сентябрь 2026 жыл 16:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча