Бишкекте №45 автобус жүк ташуучу унаа менен кагышты. Кырсыктын чоо-жайы

Бүгүн, 21-сентябрда саат 11:30 чамасында Жибек жолу проспектиси менен Ахматбек Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол-транспорт кырсыгы катталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Жибек жолу проспектиси менен чыгыш багытында бара жаткан №45 каттамды тейлеген Isuzu Cityport үлгүсүндөгү автобус оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен автобустун бир жүргүнчүсү жаракат алган. Окуя болгон жерге тез жардам бригадасы чакырылып, жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү.

Учурда тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.

21 Сентябрь 2026 жыл 17:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча