Нарын облусундагы Соң-Көлдө жапайы канаттууларга мониторинг жүргүзүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн атайын байкоо курулмасы орнотулду. Объект Каратал-Жапырык мамлекеттик табигый коругунун Соң-Көл тилкесиндеги Батай-Арал аймагында пайда болду.
Байкоо жүргүзүүчү мунара «Соң-Көл көлүнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу» долбоорунун алкагында орнотулган.
Бийиктиги 7 метр болгон металл конструкция адистерге жапайы канаттуулардын тынчын албай, аларга жана алардын табигый чөйрөсүнө байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Көлгө келүүчүлөр да коопсуз аралыктан канаттууларды көрүү үчүн атайын дүрбүнү колдоно алышат.
Соң-Көл Борбор Азиядагы маанилүү суулу-саздуу аймактардын бири болуп саналат. Көл жана анын жээк тилкелери өрдөктөрдүн, каздардын, куликтердин жана суу менен сазда байырлаган канаттуулардын башка түрлөрүнүн жашоо чөйрөсү катары кызмат кылат.
Аймактын биологиялык ар түрдүүлүгү жаратылышты коргоо жана жаратылышты туруктуу пайдалануу үчүн эл аралык мааниге ээ. Буга байланыштуу Соң-Көлдүн экосистемасын сактоо, жапайы жаныбарларга жагымдуу шарттарды түзүү жана экологиялык туризмди өнүктүрүү иштери улантылат.