Таласта “Манас деми – 2026” жарым марафону өтүп, байге фонду 1 млн сомду түздү

17–18-сентябрда Талас шаарында “Манас деми – 2026” жарым марафону өттү.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чаранын байге фонду 1 млн сомду түзүп, ага 1 миң 500гө жакын адам катышты.

Быйыл экинчи ирет уюштурулуп жаткан бул жарым марафон, спортту жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган.

Марафондо катышуучулар бир нече аралык боюнча күч сынашты. Негизги жарыштар 21 жана 10 чакырымга, ошондой эле 3 чакырымга чуркоону камтыды. Мындан тышкары, ден соолугунан мүмкүнчүлү чектелген спортчулар үчүн бир чакырымдык жарыш уюштурулду.

Ошондой эле, балдар үчүн “Балакай” жарышы өтүп, анда жаш балдар 500 метр аралыкка чуркашты.

Белгилей кетсек, “Манас деми” жарым марафону алгач 2025-жылдын май айында өткөрүлгөн. Быйылкы иш-чара экинчи жолу Таластагы “Манас Ордо” комплексинде уюштурулууда.

Ал эми жарым марафондон түшкөн каражат Талас облусундагы балдар үйлөрүнө жана реабилитациялык борборлорго бериле турган болду.

Марафон “Альянс Алтын” компаниясынын демилгеси, уюштуруучулугу жана демөөрчүлүгү менен, өнөктөштөрдүн колдоосунда уюштурулду.

21 Сентябрь 2026 жыл 16:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча