Борбор калаанын Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкекте 18-сентябрда саат 20:00дөн тарта Ауэзов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Сагымбай Манасчы көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол подрядчы уюмдун кепилдик милдеттенмелеринин алкагында жолдун үстүңкү катмарын алмаштыруу иштерине байланыштуу.

«Подрядчы уюм аталган тилкедеги жолдун үстүңкү катмарын толугу менен алмаштырат. Иштер кепилдик милдеттенмелеринин алкагында жүргүзүлүп, алдын ала маалымат боюнча, бир күнгө созулат», — деп айтылат маалыматта.

18 Сентябрь 2026 жыл 18:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча