17-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы полковник Дамир Алыбаев Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Ички аскерлердин ардагери Аспек Жумашевди 102 жашка толушу менен куттукташты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кылымдан ашуун өмүр сүргөн ардагерге терең урмат-сый көрсөтүлүп, медаль жана баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле Ички аскерлердин оркестр-ансамблинин аткаруусундагы обондуу ырлар жана күүлөр ардагерге тартууланды
Куттуктоо сөзүндө милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов Аспек Жумашевди 102 жаш мааракеси менен куттуктап, Мекенге ак кызмат кылуунун, кайраттуулуктун жана мекенчилдиктин үлгүсү. Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдигиңиздер эч качан унутулбайт.

Быйыл кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө да 102 жыл толуп жатат. Ушундай тарыхый мезгилде Сиздей ардагерди сыйлап, ак батасын алуу биз үчүн чоң сыймык экенин белгиледи
Аспек Жумашев 1924-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кызыл-Бирлик айылында туулган.
1942-жылы 18 жашында Кызыл Армиянын катарына чакырылып, СССРдин Ички иштер эл комиссариатынын темир жол аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. Согуштан кийин ар кандай жооптуу кызматтарда эмгектенип, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошкон.
