Жер мунапысы: 170 миңден ашык арызды кароо боюнча иштер уланууда

Жер мунапысы боюнча 2025-жылдын 1-июлуна чейин кабыл алынган арыздарды кароо иштери уланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттигинин Жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Талантбек Акматов «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда мамлекеттик жана жергиликтүү комиссиялар арыздардын негизинде тиешелүү чечимдерди кабыл алып, жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

«Жер мунапысы жер мунапысынын объектилерине мыйзамдуу статус берүү боюнча бир жолку акция болгондуктан, арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын 1-июлунда токтотулган. Учурда ошол кабыл алынган арыздарды кароо иштери уланууда. Бул багытта мамлекеттик жана жергиликтүү комиссиялар тынымсыз иштерди жүргүзүп жатышат. Арыздардын алкагында бүгүнкү күндө мыйзамдаштыруу иштери жүрүп, жыйынтыгы комиссиялар кабыл алган чечимдин негизинде мамлекеттик каттоого алуу иштерин жүргүзөбүз», — деди Акматов.

Мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 2-июлундагы маалыматына ылайык, жер мунапысы башталгандан 2025-жылдын 1-июлуна чейин республика боюнча 170 миң 766 арыз түшкөн. Алардын ичинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 76 миң 643 чечим кабыл алынган. Ошондой эле жер тилкесине жеке менчик укугу тууралуу 64 миң 942 мамлекеттик акт жана 43 миң 278 техникалык паспорт берилген. Амнистияга алынган жалпы жер аянты — 10 338 гектарды түзгөн.

Жер мунапысы өз алдынча курулган же курулушу бүтпөй калган жеке турак үйлөр жайгашкан, ошондой эле мыйзам талаптарына ылайык келген айрым жер тилкелерине укуктарды мыйзамдаштырууга багытталган.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 15-майындагы министрлер кабинетинин №344 токтому менен жер мунапысынын тартибине өзгөртүүлөр киргизилген. Документ жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү жана каттоо боюнча жол-жоболорду өркүндөтүүгө багытталган.

Бишкек шаарында да жер мунапысына байланыштуу иштер уланууда. Мисалы, 2026-жылдын 17-августунда Ленин районунун комиссиясы 702 материалды карап, анын ичинен 86 материал боюнча жактыруу чечимин кабыл алган. 242 жарандын арызы шаар куруу жана архитектура боюнча тиешелүү органга жөнөтүлүп, 336 арыз боюнча материалдарды коомдук маалымдоого чыгаруу чечими кабыл алынган.

Жер мунапысы боюнча комиссиялардын чечимдеринин негизинде тиешелүү документтер даярдалып, жарандардын жер тилкелерине болгон укуктары мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт.

18 Сентябрь 2026 жыл 15:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча