Бишкектеги тыгын: маселени чечүү үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?

Бишкек шаарында жыл сайын окуу жылы башталганда жол тыгыны күчөйт. Бул маселени чечүү үчүн 2024–2030-жылдарга карата жол тыгындарын азайтуу концепциясы бекитилген. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, борбор калаадагы жол кыймылын жеңилдетүү стратегиясы үч негизги этаптан турат.

Кыска мөөнөттүү чаралардын алкагында коомдук транспортко артыкчылык берүү, атайын тилкелерди уюштуруу, оң тарапка эркин бурулууга шарт түзүү, көйгөйлүү жол тилкелерин кеңейтүү жана жаңы мектептерди куруу каралган.

Орто мөөнөттүү чаралардын бири катары жол кыймылын автоматтык түрдө жөнгө салган “акылдуу” жол чырактар системасын киргизүү пландалууда.

Ал эми узак мөөнөттүү пландарга көп деңгээлдүү жол айрылыштарын жана көпүрөлөрдү куруу, ошондой эле жол кыймылын башкаруунун бирдиктүү борборун түзүү кирет.

18 Сентябрь 2026 жыл 12:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча