Суусамырда адам өмүрүн алган жол кырсыгы болду. Бул тууралуу 17-сентябрда Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Жайыл РИИБине 16-сентябрда саат 01:41де Бишкек — Ош автожолунун 167-чакырымында жол кырсыгы катталганы тууралуу маалымат түшкөн.
Кырсыкка учураган «Хендай Соната» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 1992-жылы туулган А.у.А. түндүк багытты көздөй баратканы аныкталган. Жүргүнчүнүн айтымында, айдоочу рулда уктап кеткен. Андан соң каршы тилкеге чыгып, сол жагы менен «Мерседес Атего» унаасын сүзүп өткөн. Андан кийин өз тилкесинде бараткан «КИА К7» унаасын сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен «Сонатанын» айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон, ал эми алдыңкы отургучта отурган жүргүнчүсү М.А.М. Суусамыр айыл аймагындагы ФАПка жеткирилгенден кийин көз жумган. Мындан тышкары, «Сонатанын» дагы үч жүргүнчүсү жаракат алган.
Ошондой эле «КИАнын» айдоочусу, 1980-жылы туулган Б.М.М. жана анын бардык үч жүргүнчүсү: 1973-жылы туулган М.Ж.К., 1967-жылы туулган К.Ж.К. дагы 1990-жылы туулган К.у.Т. каза болгон. «КИАнын» айдоочусу таксист экени белгилүү болду.