Талас шаарында “Манас деми – 2026” жарым марафону өтүүдө.
Ал эми спорттук иш-чаранын байге фонду 1 млн сомду түзүп, ага 1 миң 500гө жакын адам катышууда.
Быйыл экинчи ирет уюштурулуп жаткан жарым марафон спортту жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган. Катышуучулар 21, 10 жана 3 чакырым аралыкка чуркоодо. Ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар үчүн 1 чакырымдык жарыш уюштурулду.
Балдар арасында “Балакай” жарышы өтүп, алар 500 метр аралыкка чуркашууда.
Белгилей кетсек, “Манас деми” жарым марафону алгач 2025-жылдын май айында өткөрүлгөн. Быйылкы иш-чара Таластагы “Манас Ордо” комплексинде экинчи ирет уюштурулууда.
Жарым марафондон түшкөн каражат Талас облусундагы балдар үйлөрүнө жана реабилитациялык борборлорго берилет.
Иш-чара “Альянс Алтын” компаниясынын демилгеси, уюштуруучулугу жана демөөрчүлүгү менен өнөктөштөрдүн колдоосунда өтүүдө.