Бишкек – Күн-Туу – Шопоков жолунда асфальт төшөлүүдө

Бишкек – Күн-Туу – Шопоков унаа жолунун 1-чакырымында ЩМА технологиясы менен асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.

Ошондой эле Күн-Туу–Кызыл-Туу тилкесинде суу өткөрүүчү лотокторду орнотуу жана жолдун негизин бекемдөө иштери улантылууда.

Мындан тышкары, 0–1,3-чакырым аралыгындагы кирүүчү тилкеге асфальт төшөө жана бетон плиталарын орнотуу иштери аткарылууда.

21 Сентябрь 2026 жыл 13:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча